Еврокомиссиянын сунуштарында тогуз пункттан турган шарттар бар. Алардын арасында Грузиянын аракеттеринин Евробиримдиктин жалпы тышкы жана коопсуздук саясатына шайкеш келишине өзгөчө көңүл бурулат. Еврокомиссия Грузияга Евробиримдикке талапкер статусун берүүнү сунуштайт, бирок Тбилиси өткөн жылы ЕБ сунуш кылган бардык талаптарды аткара албаган.
Грузияга талапкер макамын берүү боюнча акыркы чечимди Еврокеңеш 14-15-декабрда кабыл алат.
2022-жылдын мартында «Грузин кыялы» партиясынын төрагасы Ираклий Кобахидзе Грузиянын Евробиримдикке мүчөлүккө талапкер болуу арызын жарыялаган. Ушундай эле кадамды ошол эле жылдын 3-мартында Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили жасаган.